Юсупалиев Искандар Камалович Өзбекстан Республикасында конок лекцияда

2026-11-26 06:53:06 11

2026-жылдын 19-ноябрь күнү Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн «Потенциалдуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларга чара көрүүдө укук коргоо органдары менен кызматташуу маселелери: көйгөйлөр жана чечүү жолдору» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга Ош мамлекеттик университетинен Тарых-юридика институтунун "Криминалистика, соттук экспертиза жана бажы иши" кафедрасынын доценти, ю.и.к. Юсупалиев Искандар Камалович катышып, "Кыргыз Республикасында жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, камсыздоого багытталган мамлекеттин кылмыш-укуктук саясаты" аталышындагы илимий баяндама жасады. Андан сырткары Өзбекстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин академиясынын курсанттары үчүн конок лекция өтүп берди.