2026-11-26 06:49:34 5
2026-жылдын 21-ноябрында «Ала-Тоо» эл аралык университетинин базасында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту «Civics» коомдук фонду жана «Ала-Тоо» эл аралык университети менен биргеликте конституциялык сот өндүрүшү боюнча «Соттук процесстердин моделдештирилген оюндары» аталышындагы II республикалык «Moot Court – 2026» сынагына тарых – юридика институтунун 3 курсунун төмөнкү студенттери: 1. Усманов Мухаммадюсуф 2. Жолдошева Кыял Миратовна 3. Эрнисова Ханзаада Эрнисовна катышышты. Сынакка өлкөнүн сегиз жогорку окуу жайынан сегиз студенттик команда катыштышып биздин студенттерибиз 4 орунду алышты. Командалардын ишине 12 эксперттен турган калыстар тобу баа берди. Анын курамына Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Жогорку сотунун, нотариат коомчулугунун, Юстиция министрлигинин, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин өкүлдөрү, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү кирди.