2026-11-26 06:47:05 5
2026-жылдын 24-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин Тарых-юридика институтунда 530002 – «Соттук экспертиза» адистигинин ЭК-1-26 тайпасынын 1-курс студенттери үчүн ачык семинардык сабак өткөрүлдү. Ачык сабакты «Криминалистика, соттук экспертиза жана бажы иши» кафедрасынын окутуучусу Мамашов Байгазы Канатбекович «Мамлекет жана укуктун теориясы» предмети боюнча *«Укуктун келип чыгышы, түшүнүгү, маңызы жана принциптери»* деген темада өттү. Сабактын жүрүшүндө укуктун келип чыгышы жөнүндөгү негизги теориялар, укуктун түшүнүгү жана маңызы, коомдук мамилелерди жөнгө салуудагы ролу, ошондой эле укуктун негизги принциптери каралды. Семинардык сабакта студенттердин теориялык билимдерин практикалык тапшырмалар, интерактивдүү усулдар жана талкуулар аркылуу бекемдөөгө көңүл бурулду. Студенттер теманын алкагында өз ойлорун билдирип, суроолорго жооп берип, укуктук түшүнүктөрдү талдоого активдүү катышышты. Ачык сабак студенттердин укуктук ой жүгүртүүсүн, талдоо жөндөмүн жана алган билимдерин практикада колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.