Усулдук - семинар уюштурулду

2026-11-20 05:47:44 6

2026-жылдын 18-ноябрь күнү 15.00 дө ТЮИнун профессордук-окутуучулук курамына институттун Окуу-усулдук Кеңеши тарабынан "ОшМУнун өз ара сабакка катышуу жөнүндөгү " жобосунун эрежелерин ишке ашыруу боюнча усулдук-семинар уюштурулду. Усулдук - семинарды институттун ОУКнин төрайымы, Жарандык укук жана процесси кафедрасынын доценти Эгембердиева Нуржамал Аманбековна өттү.Усулдук-семинарга профессордук-окутуучулук курам активдүү катышышты. Иш-чаранын уюштурулушу мыкты, мазмуну терең, пайдалуу болду жана жогорку деңгээлде өттү! Баяндамчы өз темасын түшүндүрүүдө чеберчилик менен мамиле жасап, катышуучуларга практикалык тажрыйба тартуулады. Семинардын жүрүшүндө билим берүү процессине жаңычыл ыкмалар, санариптик технологияларды колдонуу жана методикалык жаңылануулар тууралуу баалуу маалыматтар берилди. Бул иш-чара окутуучулар үчүн шыктандырган, чыгармачылыкты арттырган жана кесиптик өнүгүүгө жол ачкан маанилүү платформа болду.Суроо-жооп, сунуштар менен коштолду. Жыйынтыгында, семинарга катышкан ар бир окутуучу өз ишинде, тажрыйбасында колдонууга даяр болуп чыкты. Чыныгы үлгүлүү жана ийгиликтүү иш-чара!