2026-11-16 03:50:14 6
Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары высшей школы (колледжинде) Илим күнүнө карата конок лекция өткөрүлдү 2026-жылдын 12-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинде Илим күнүнө арналган илимий-методикалык иш-чара болуп өттү. Анын алкагында Тарых-юридика институтунун «Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу» кафедрасынын улук окутуучусу, Т.А. Айтбаев тарабынан «Кыргызстандын түштүгүндөгү этнографиялык изилдөөлөр» аттуу темада конок лекция окулду. Лекциянын жүрүшүндө аймактын этнографиялык өзгөчөлүктөрү, элдик турмуш-тиричиликтин калыптануу тарыхы жана бул багытта жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары илимий-теориялык деңгээлде кеңири талданып берилди. Катышуучулар тарабынан жогорку кызыгууну жараткан бул иш-чара актуалдуу суроо-жооптор жана мазмундуу талкуулар менен жыйынтыкталды. Аталган лекция студенттердин илимий дүйнө таанымын кеңейтүүдө жана аймактын тарыхый-этнографиялык мурастарын изилдөөгө болгон кызыгуусун арттырууда олуттуу мааниге ээ болду.