2026-11-16 03:45:38 6
Тарых-юридика институтунда Студенттер күнүнө арналган курстар аралык волейбол мелдеши жогорку деңгээлде өттү 2026-жылдын 13-ноябрында 17-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата тарых-юридика институтунун тарых адистигинде билим алган студенттер (улан, кыздар) арасында курстар аралык волейбол мелдеши болуп өттү. Иш-чара институттун «Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу» жана «Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология» кафедралары тарабынан жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, студенттердин достугун жана биримдигин бекемдөө максатында уюштурулду. Мелдештин ачылыш аземинде уюштуруучу кафедралардын окутуучулары сөз сүйлөп, студенттерди келе жаткан майрамы менен куттукташты жана катышуучуларга ийгилик каалашты. Оюндар абдан курч, кызыктуу жана күйөрмандардын колдоосу астында жогорку маанайда өттү. Ар бир курс өзүнүн мыкты даярдыгын, командалык биримдигин жана жеңишке болгон умтулуусун көрсөтө алды. Таймаштын жыйынтыгында төмөнкү командалар жеңүүчү деп табылды: Уландар арасында: 1-орун: 4--курстун курама командасы 2-орун: 1-курстун курама командасы Кыздар арасында: 1-орун: 1-курстун курама командасы 2-орун: 2-курстун курама командасы 3-орун: 3-курстун курама командасы Мелдешке «Төөлөс Строй» курулуш компаниясынын директору Салиева Жумагүл Абдижалиловна башкы демөөрчүлүк көрсөтүп, жеңүүчү командаларга жана мыкты оюнчуларга атайын дипломдор, медалдар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Уюштуруу тобу иш-чараны өткөрүүгө чоң колдоо көрсөткөн башкы демөөрчү Салиева Жумагүл Абдижалиловнага терең ыраазычылык билдирет.