Ачык сабак

2026-11-02 03:37:04 9

29.10.2026-жылдын Тарых-Юридика Институтунун күндүзгү окуу бөлүмү, "530500" юриспруденция бакалавр багытынын жадыбалды боюнча 09:40да, 3-парада, 301-ауд., 4-курс, 2-(кырг.) агымга "Кылмыш-жаза укугу жана процесси" кафедрасынын улук окутуучусу Бегалиев Эдилбек Анарбаевич тарабынан, "Ыкчам-изилдөө ишмердүүлүгү" предмети боюнча, "Ыкчам-издөө иш-чараларын документтештирүү жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыктарын колдонуу" деген темада, семинардык "Ачык сабак" өтүлдү. Өзүн-өзү өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу максатында, окутуучулар: Р.Раимбердиев, Ж.Орозов, И.Абдылдаев, Жолдошбай уулу З., К.Мамарасулов, Ч.Эрдолатов, Жусупжан кызы Ч., Э.Ормонова, Турсунбай кызы Г., Ж.Жээнбековалар катышышты. Улук окутуучу Бегалиев Эдилбек Анарбаевич сабак өтүүдө өтүлгөн тема менен кайтарым байланыш жүргүзүү аркылуу, суроо-жооптор менен кайталап, жаңы теманын максатын коюуп, үй тапшырмаларды студенттер менен биргеликте карады. Сабактын жүрүшүндө, студенттер активдүү катышып, тапшырмаларды электрондук доска аркылуу, "Kahoot", платформасын пайдаланып иштешти. Андан сырткары, теманын мазмуну боюнча, чайнворд, тест, кичи топтордо ватмандарда көнүгүүлөрдү иштөө менен презентация кылып, түрдүү заманбап ыкмаларды колдонулуп сабак өтүлдү. Сабакты жыйынтыктоодо, улук окутуучу Б.А.Бегалиев тарабынан, ар бир студент бааланып, кичи топторго сыйлыктар ыйгарылды жана кийинки тема боюнча үй тапшырмалар берилди. Өтүлгөн тема боюнча бышыктоо үчүн суроо-жооптор менен талкууланды. Ачык сабакка катышкан бардык окутуучулар тарабынан, улук окутуучу Э.А.Бегалиевге өткөн сабагына анализдер берилип, тема коюулган максатына жетип, жемиштүү аяктады деп белгиленди. Улук окутуучу Э.А.Бегалиев агайга ишине ийгиликтерди каалайбыз!