Ачык сабак

2026-11-02 03:35:02 10

28.10.2026-жылдын Тарых-Юридика Институтунун күндүзгү окуу бөлүмү, "530500" юриспруденция бакалавр багытынын жадыбалды боюнча 5-парада, 15:00до 107(а)-ауд., конф.залда, 3-курс, (орус.) агымга "Кылмыш-жаза укугу жана процесси" кафедрасынын окутуучусу ю.и.к., доцент Турсунбаева Чолпон Манасовна тарабынан, "Уголовное право" предмети боюнча, "Преступления против половой свободы и половой неприкосновенности." деген темада, семинардык "Ачык сабак" өттү. Өзүн-өзү өнүктүрүу жана тажрыйба алмашуу максатында, окутуучулар: Ж.Орозов, К.Мамарасулов, Ж.Орозбаева, И.Абдылдаев, Жолдошбай уулу З., Турсунбай кызы Г., Ч.Эрдолатов, Ж.Жээнбековалар катышышты. Окутуучу Турсунбаева Чолпон Манасовна сабакты өтүүдө "Мээге чабуул, заманбап технологиялар аркылуу платформалары аркылуу усулдарды" колдонду. Окутуучу Ч.Турсунбаева аудитория менен биргеликте, теманын мазмуну боюнча, үй тапшырмада берилген, суроолорду студенттердин даярдаган материалдарын, электрондук досканы пайдаланып, презентация, кейс-тапшырмаларды чечүүдө тийиштүү мыйзам актылары менен тастыктап, карап чыгышты. Ошондой эле, кызыктуу суроо-жооптор берилип, активдүү талкуулар жүргүзүлдү. Окутуучулар: Ж.Орозов, К.Мамарасулов, Ч.Эрдолатов, Ж.Жээнбековалар тарабынан окутуучу Ч.Турсунбаеванын сабагына анализдер берилип, тема боюнча сабак мактасына жетти жана жемиштүү аяктады деп белгиленди. Окутуучу Ч.М.Турсунбаева эжекенин иштерине ийгиликтерди каалайбыз