2026-10-30 10:29:46 8
22.10.2026-жылдын Тарых-Юридика Институтунун күндүзгү окуу бөлүмү, "530500" юриспруденция бакалавр багытынын жадыбалды боюнча 6-парада, 16:40да, 304-ауд., 3-курс, 6-(кырг.) агымдарга "Кылмыш-жаза укугу жана процесси" кафедрасынын окутуучусу Мамарасулов Куттубек Мамасаипович тарабынан, "Адвокатура" предмети боюнча, "Кыргыз Республикасынын адвокаттык ишти уюштуруу формалары, принциптери жана статуска ээ болуу тартиби" деген темада, семинардык "Ачык сабак" өткөрүлдү. Өзүн өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу максатында окутуучулар: Ж.Орозов, И.Абдылдаев, Э.Ормонова, Ж.Айтбаева, Ж.Жээнбекова катышышты. Окутуучу Мамарасулов Куттубек Мамасаипович, сабак өтүүдө студенттер менен биргеликте теманын мазмунун ачып көрсөтүүдө, аудиторияда активдүү байланыштар жүргүзүлдү. Студенттер тарабынан, тема боюнча, үй тапшырмаларын электрондук презентация (слайд), ватманда иштөө аркылуу ж.б.түрдүү формаларда аткарып келип мыкты коргошту. Сабакта: электрондук доска пайдаланылып, "Kahoot" платформасы менен сурооло каралып иштелди. Андан сырткары, жекече жана кичи топтордо иштөөдө интерактивдик усулдары колдонулду. Сабакка катышкан окутуучулар: Ж.Орозов, И.Абдылдаев, Ж.Жээнбекова тарабынан, окутуучу К.Мамарасуловдун өткөн сабагына анализдер берилип. Тема өз максатына жетип, жемиштүү аяктады деп белгиленди. К.М.Мамарасулов агайга иштерине ийгиликтерди каалайбыз!