Кудаяров Жолборс Жээнбаевич тарабынан ачык сабак өтүлдү

2026-10-23 08:59:09 16

20.10.2026-жылдын Тарых-Юридика Институтунун күндүзгү окуу бөлүмүнүн, "530500" юриспруденция бакалавр багытынын жадыбалы боюнча: 3-парада, 11:40да, 303-ауд., 4-курс, 1-2-3 (орус.) агымдарга "Кылмыш-жаза укугу жана процесси" кафедрасынын улук окутуучусу Кудаяров Жолборс Жээнбаевич тарабынан, "Уголовно-процессуальное право" предмети боюнча, "Меры процессуального принуждения в уголовном процессе" деген темада, лекциялык "Ачык сабак" өткөрүлдү. Окутуучулардын тажрыйба алмашуу жана өзүн өнүктүрүү максатында, кафедранын окутуучулары: Р.Раимбердиев, Б.Орозбаева, А.Осмонова, Ж.Орозов, Ч.Турсунбаева, Жусупжан кызы Ч., Э.Ормонова, Э.Бегалиев, Ж.Жээнбековалар катышты. Лектор, Кудаяров Жолборс Жээнбаевич теманын мазмуну боюнча, студенттерге кесиптик билим берүү багытында: теориялык түшүнүктөрдү берүү менен тийиштүү мыйзам эрежелерине негиздеп, практикалык мисалдарды келтирүү менен кеңири маалыматтарды берди. Студенттер тарабынан, активдүү түрдө кызыккан суроолору берилип, лектор жоопторун кеңири түшүндүрүп берди. Өтүлгөн сабакка, окутуучулар: Ж.Орозов, А.Осмонова, Ч.Тусунбаева, Ж.Орозбаева, Ж.Жээнбековалар тарабынан анализдер берилип, Ж.Кудаяровдун ачык лекциялык сабагы мыкты деңгээлде өткөрүлдү жана өз максатына жемиштүү жетти деп белгиленди. Улук окутуучу Ж.Ж.Кудаяров агайдын иштерине чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!