«Уңгу жол: кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый эволюциясы, этномаданий мурас жана эпикалык салт»

2026-10-20 05:29:42 13

2026-жылдын 15-октябрь (бейшемби) күнү Манас шаарындагы Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде, көрүнүктүү тарыхчы-окумуштуу, тарых илиминин өнүгүшүнө салым кошкон илимпоз-педагог Кадыркул Айдаркулович Айдаркуловдун 80 жылдык мааракесине арналган «Уңгу жол: кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый эволюциясы, этномаданий мурас жана эпикалык салт» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга ОшМУнун тарых-юридика институтунун Жалпы тарых жана ТОУ кафедрасынын доценти, т.и.к. Чыныкеева Г.Э. жана студенттер: Уразалиева О., Сапарали кызы Р., Ырысбаева А., Дуйшобаева М., Мыйманбаева А. катышып, сертификаттарга ээ болушту.