«Баалоонун түрлөрү жана кайтарым байланыш» деген темада конок

2026-10-08 04:11:05 10

Баалуу билим — келечекке жол! 2026-жылдын 7-октябрында тарых-юридика институтунун тарыхчы магистранттары жана студенттери үчүн Ош облустук билим берүү институтунун инновациялык процесстерди уюштуруу жана башкаруу боюнча директордун орун басары Раимбекова Чынара тарабынан «Баалоонун түрлөрү жана кайтарым байланыш» деген темада конок лекция уюштурулду. Лекция студенттердин кесиптик билгичтигин жана билим берүүдөгү заманбап ыкмаларды өздөштүрүүсүн жогорулатууну максат кылды. Лекциянын жүрүшүндө катышуучулар билим берүүдөгү баалоонун заманбап түрлөрү, студенттер менен натыйжалуу кайтарым байланыш түзүүнүн маанилүүлүгү жана инновациялык ыкмаларды практикада колдонуу жолдору боюнча баалуу маалыматтарды алышты.