2026-04-09 04:10:36 7
06.04.2026-жылдын 1-парада саат:08:00до (эски юр.фак.) азыркы Тарых адистигинин окуу корпусунун подвалы 03-ауд., 2-курс (орус) агымдарга "Кылмыш-жаза укугу жана процесси" кафедрасынын улук окутуучусу И.Абдылдаев тарабынан, "Правоведение" предметинен, "Административная ответственность медицинских и фармацевтических работников в КР" деген темада, "Ачык лекциялык сабак" өткөрүлдү. Тажрыйба алмашуу максатында, улук окутуучулар Жолдошбай уулу З., Ж.С.Жээнбековар сабакка катышышты. Сабактын жүрүшүндө, теманын мазмуну боюнча, актуалдуу маселелерди камтыган маалыматтарды берүү менен лекция өтүлдү. Сабактын акырында, студенттер тарабынан кызыктуу көптөгөн суроолор берилип, лектор И.Абдылдаев тарабынан практикалык мисалдарды келтирүү аркылуу, тийиштүү мыйзамдардын беренелери менен тастыкталып жооп берилди. 08.04.26да кафедрада "Лекциялык ачык сабакка" катышкан улук окутуучулар тарабынан, сунуш, пикирлер менен сабакка анализдер берилди. Жыйынтыгында, лекциялык ачык сабак өз максатына жетти деп белгиленди. Улук окутуучу И.Абдылдаев агайдын иштерине ийгиликтерди каалайбыз!