2026-04-08 09:43:40 10
2026-жылдын 6-апрелинде., 2026-жылдын 13-мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Төрагасы М.А.Маматалиевдин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасындагы кризистик борборлордугн өкулдөрү менен болгон жыйналыштын №12 протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Илим, билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Б.И.Борубашовдун сунушунун негизинде, Жогорку Кенештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетине-зордук-зомбулукту илимий жактан изилдөө боюнча илимий институтун түзүү маселесин кароо боюнча тапшырма берилген (2026-жылдын 17-мартындагы кир.№6-4692). Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын алкагында берилген тапшырма боюнча иш алып баруу үчүн, Карыбекова Айжан Жумабековна, Жолдошова Акчач Олмасовна, Орозбаева Бактыкан Атантаевна, Акматова Аманай Турсунбаевна жана Мээрим Абдыкалыковналардын катышуусунда онлайн байланыш тузүп, талкуу жүргүзүп, зордук-зомбулукту илимий жактан изилдөө боюнча илимий институтун түзүү керектигин жана азыркы учурда өтө актуалдуу маселе экендигин эске алып, сөзсүз түрдө ачууну сунуштадык.