"Электрондук нотариат: мүмкүнчүлүктөр жана учурдагы көйгөлөр"

2025-11-14 05:35:55 25

ОшМУнун тарых-юридика институтунун Жарандык укук жана процесси кафедрасынынын. окутуучулары ю.и.к. Оморова Г.С. улук окутуучу Амирова К.А. тарабынан 2-октябрь Бүткүл дүйнөлүк нотариат күнүнө карата уюштурулган "Электрондук нотариат: мүмкүнчүлүктөр жана учурдагы көйгөлөр" темасында илимий- практикалык семинар өткөрүлдү. Илимий практикалык семинарга тарых-юридика институтунун директору ю.и.д., профессор Г.К. Кулдышева, Жарандык укук жана процесси кафедрасынын башчысы ю.и.к., доцент Парайдин уулу Шайлообек жана коноктору Ош облусунун жана Ош шаарынын мамлекеттик нотариусу, 1-класстагы юрист, юстициянын капитаны, юридика илимдеринин кандидаты, Бообеков Болотбек Калбаевич, Ош облусунун Кара- Суу районунун нотариалдык аймагынын мамлекеттик нотариусу Капаров Азиз Маматжанович,Ош облусунун Кара- Суу районунун нотариалдык аймагынын жеке нотариусу Раимкулова Бегимай Нурлановна, окутуучулар, студенттер катышышты. Семинардын катышуучулары тарабынан берилген суроолого жооптор берилип, кызуу талкуу менен сунуштар берилип, илимий практикалык семинар өз максатына жетти.