2025-04-29 04:38:10 57
Ош мамлекеттик университетинин Тарых жана юридика институтунда ”Жарандык укук жана процесси” кафедрасынын кафедра башчысы Шайлообек Парайдин уулу жана кафедранын октуучулар жамааты тарабынан уюштурулган, “Жасалма интеллектти колдонуу чөйрөсүндөгү мамилелерди укуктук жөнгө салуунун актуалдуу маселелери” аттуу илимий- практикалык конференция жогорку деңгээлде болуп өттү. Конференцияга Ош шаардык сотунун, Ош шаардык прокуратурасынын, Ош юстиция башкрмалыгынын жана ИИМдин өкүлдөрү, ОшМУнун жетекчилиги жана аймактагы ЖОЖдордун жетекчилери, окутуучулук курам, магистранттар, студенттер катышты. Азыркы күндө актуалдуу болгон жасалма интелектти укуктук жөнгө салуу, укук менен жасалма интеллекттин байланышын жана заманбап жаңы технологияларды өнүктүрүүдө адам укуктарына тийгизген таасири тууралуу баяндамалар, талкуулар, суроо- жооптор болду.