"Кыргыз Республикасындагы диний экстремизмдин абалы"

2025-02-28 04:04:29 38

2025-жылдын 27-февраль күнү Тарых-юридика институтунда "Кылмыш-жаза укугу жана процесси" кафедрасынын ю.и.к., доцент Раимбердиев Р., улук окутуучу Кудаяров Ж.Ж., улук окутуучу Бегалиев Э.А. тарыбынан уюштурулган "Кыргыз Республикасындагы диний экстремизмдин абалы" деген теманын аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Мында, атайын чакырылган укук коргоо органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери: Ош областтык Ички иштер башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Бекеев Т.А., Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк регионалдык башкармалыгынын башкы адиси Оморов А.К., Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош областынын Башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Мамбетов А.К. атайын чакырылып, тегерек столдун темасынын мазмуну боюнча абдан жакшы, маанилүү, актуалдуу маселелер боюнча баяндамалар окулуп, даярдалган видеоролик көрсөтүлдү. Тема боюнча студенттер тарабынын суроолор берилип, кызуу талкуу жүргүзүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө диний экстремизмдин, терроризмдин учурдагы абалы, анын себептери, кесепеттери жана аларды алдын-алуу чаралары кызуу талкууланды. Тегерек столго чакырылган коноктор мыкты баяндама окуп, актуалдуу маалыматтарды бергендиги үчүн окуу-жайдын атынан "Ыраазычылык каттар" берилди. Тегерек стол өз максатына ийгиликтүү жетти.