ЮРИДИКАЛЫК КЛИНИКАНЫН ИШИ КАЙРА ЖАНДАНДЫ

2025-02-28 04:02:55 45

2025-жылдын 26-февралында юридикалык клиниканын ишин кайра жандандыруу боюнча ачылыш болду. Юридикалык клиникага конок катары Кыргыз Республикасынын юридикалык клиникалар ассоциациясынын директору Бакиров Артур Жылдызбекович келди.Ал биздин уюштуруучуларды жана ыктыярчыларды юридикалык клиниканын кайрадан ачылышы менен куттуктап, ошондой эле ОшМУнун Ош юридикалык институту менен Кыргыз Республикасынын юридикалык клиникалар ассоциациясынын мындан аркы кызматташуусу жөнүндө айтып берди. Ошондой эле бизге ТЮИнин студенттери жана кафедра башчылары келишти. Студенттер чоң кызыгуу менен көптөгөн суроолорду берип, юридикалык клиниканын ыктыярчылары катары катталышты. Кафедра башчылары куттуктоо сөздөрүн айтып, юридикалык клиникага колдоо көрсөтүү жана кызматташуу тууралуу ойлорун айтышты. Ошондой эле бизге ТЮИнин студенттери жана кафедра башчылары келишти. Студенттер чоң кызыгуу менен көптөгөн суроолорду берип, юридикалык клиниканын ыктыярчылары катары катталышты. Кафедра башчылары куттуктоо сөздөрүн айтып, юридикалык клиникага колдоо көрсөтүү жана кызматташуу тууралуу ойлорун айтышты. Иш-чара жемиштүү өтүп, катышуучулар үчүн пайдалуу болду. Юридикалык клиника мындан ары да студенттерге практикалык тажрыйба алуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүп, жарандарга укуктук жардам көрсөтүүнү улантат. Бардык катышуучуларга жана колдоочуларга ыраазычылык билдиребиз!