«Түрк элдеринин мыкты студенти» Бактыярбек уулу Эржан

2024-11-28 04:06:19 55

Ноябрь, 2024-жыл. ОшМУнун тарых жана юридика институтунун тарых бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Бактыярбек уулу Эржан «Түрк элдеринин мыкты студенти» Эл аралык сынагында жеңүүчү деп табылып, атайын төш белги, статуэтка жана I даражадагы Диплом менен сыйланды. Илим-билимге кызыгуу жана жаштардын мотивациясын арттырууга багытталган Казакстан Республикасындагы “Жаны Казахстан” республикалык инновациялык борбору жана “Bilim-orkenieti” улуттук инновациялык илимий-изилдөө борбору тарабынан уюштурулган сынакта Бактыярбек уулу Эржандын жаштар саясатынын өнүгүүсүнө кошкон салымы, коомдук иштерге активдүү аралашуусу, билимге умтулуусу, аракетчилдиги жана максатка жетүүдөгү жигердүүлүгү жогору бааланды. Эржандын келечектеги иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.