ОшМУда мугалимдер жана илим күнү белгиленди

2024-11-27 04:15:54 82

ОшМУнун жамааты 26-ноябрда Илим жана мугалимдер күнүн белгиледи. Салтанатты ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков ачып, ардактуу кесип ээлерин куттуктады. Ошондой эле окуу жайдын жетишкендиктери, аткарылып жаткан иштери, алдыга койгон бийик максаттары боюнча маалымат берди. Тарых жана юридика институтунун профессордук-окутуучулук курамындагы илимий жетишкендиктерге ээ болгон жалпы 22 окутуучу, илимдин кандидаттары, профессорлор атайын жоболордо көрсөтүлгөн шыктандыруучу сертификаттарды жана ыраазычылык баракча, грамота, дипломдорду ОшМУнун ректору, профессор К.Г. Кожобеков тапшырды.