Бул курс музейлерде коллекцияларды кайра иштетүүнүн теориялык жана практикалык жактарын карайт. Музей коллекциялары тарыхый жана маданий мааниси менен өзгөчө баалуу болгондуктан, аларды заманбап көрүүчүлөргө жеткирүү үчүн жаңылоо жана чыгармачылык жактан кайра иштетүү зарылчылыгы пайда болот.
Музейлерде коллекцияларды кайра иштетүүнүн теориялык жана практикалык аспекттерин үйрөнүү, интерактивдүү жана санариптик технологияларды колдонуу аркылуу музей экспозицияларын жаңылоо.
Бул курс магистранттардын археологиялык жана этнографиялык багыттагы талаа иштерин түздөн-түз практикалык шартта өздөштүрүүсүнө багытталган. Практика учурунда студенттер чыныгы же моделденген экспедициялык шартта иштеп, маалымат чогултуу, казуу өткөрүү, документтештирүү, интервью алуу жана байкоо жүргүзүү боюнча кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүшөт.
Курс археологиялык казуулардагы жана этнографиялык изилдөөлөрдөгү илимий, аналитикалык жана методологиялык талаптарды практикалык деңгээлде түшүнүүгө жана аткарууга үйрөтөт. Практиканын жүрүшүндө магистранттар талаа күндөлүгүн жүргүзүп, табылган материалдарды каттап, системалаштырып, алдын ала интерпретация жасашат.
Курстун негизги максаты — магистранттарды археологиялык жана этнографиялык талаа изилдөөлөрүн кесиптик деңгээлде өз алдынча уюштуруу жана жүргүзүү үчүн керектүү практикалык тажрыйба жана компетенциялар менен камсыз кылуу.
Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасы
Тарых-юридика институтунун социалдык-экономикалык билим берүү бөлүмүндө, анын ичинде Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология кафедрасында студенттер алган билимдерин бышыктоо максатында атайын талаа шартында археологиялык жана этнографиялык практикалар уюштурулат.
2-курста студенттер музейлик жана архивдик практикаларын өтөшөт. Бүгүнкү күндө сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери да өз практикаларын өтүп, усулчу окутуучулар тарабынан жекече кошумча тапшырмалар берилет.
Практика учурунда студенттер байыркы археологиялык, архитектуралык жана тарыхый жайлар, петроглифтер, шаар калдыктары жана мүрзө комплекстери менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Мындан тышкары студенттер Кыргызстандын гана эмес, коңшу өлкөлөрдүн музейлерине барып практика өтөө мүмкүнчүлүктөрүнө да ээ болушат.
Практика аяктагандан кийин студенттерден анонимдүү анкета алынат жана андагы көйгөйлөр анализденип, кийинки практикаларды уюштурууда эске алынат.