Работа ППС с выпускником

Тарых адистигинин бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы

ОшМУ Тарых адистигинин Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы

Тарых факультетинин бүтүрүүчүлөрүн бириктирген коомдук уюм

Тарых адистигин бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы – институтту аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн муундарын бириктирген жана динамикалык түрдө өнүккөн уюм. Себеби жаштыктын эң сонун мезгили бул студенттик күндөр болуп эсептелет.

Ар бир бүтүрүүчү үчүн ОшМУ – жалындуу жаштык, сүйүү, сулуулук, жашоонун эң кызыктуу учурлары жана эстен кеткис бактылуу күндөр менен байланышкан. Бизде бүтүрүүчүлөрдүн потенциалдарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүү пайдалануу үчүн эң ыңгайлуу шарттар бар.

Биздин Ассоциациянын негизги максаттарынын бири – бүтүрүүчүлөрдүн арасында кесиптик байланышты тыгыз өнүктүрүү.

Ассоциациянын негизги максаттары

  • ОшМУнун тарых адистигин аяктаган жана коомдун ар кандай тармактарында ишкердүүлүк менен алектенген бүтүрүүчүлөрдү бириктирүү.
  • Бүтүрүүчүлөрдүн коомдогу ордун, ишмердүүлүгүн жана илимий жетишкендиктерин мониторинг жүргүзүү.
  • Бүтүрүүчүлөрдүн ЖОЖ менен сыймыктануу сезимин күчөтүү жана университетке моралдык, саясий жана экономикалык колдоо көрсөтүү.
  • ОшМУдагы илимий жетишкендиктер жана учурдагы абал жөнүндө маалымат берүү.
  • Факультеттин бардык бүтүрүүчүлөрүн корпоративдик кызматташтыкка чакыруу.

Ассоциациянын ишмердүүлүк багыттары

  • Тарых факультетинин бардык бүтүрүүчүлөрүн Ассоциацияга бириктирүү.
  • Мыкты бүтүрүүчүлөрдүн арасынан Ассоциациянын кеңешин түзүү.
  • Бүтүрүүчүлөрдүн маалымат базасын түзүү.
  • Окуу-усулдук семинарларга, конференцияларга жана тегерек столдорго катышуу.
  • Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик сапаттарын коомдун жана иш берүүчүлөрдүн талаптарына ылайык өнүктүрүү.
  • Академиялык программалар менен ишкердик чөйрөнүн ортосунда тыгыз байланыш түзүү.
© 2026 Ош мамлекеттик университети | Тарых факультети