Кафедранын окуу-усулдук иши
Кафедранын окуу-усулдук иши
Кафедранын окуу-усулдук иши – билим берүү процессин окуу-усулдук документация менен камсыз кылууга багытталган иш-чаралардын комплекси.
Негизги багыттары
- Билим берүү процессин окуу-усулдук документация менен камсыз кылуу.
- Окутуучулардын педагогикалык чеберчилигин жогорулатуу.
- Студенттердин аудиториялык жана өз алдынча иштерин өнүктүрүү.
- Өндүрүштүк ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин абалын эске алуу менен окуу иштеринин формаларын жана усулдарын жакшыртуу.
- Кафедрадагы дисциплиналар боюнча окуу-усулдук колдонмолорду даярдоо.
- Окутуунун жаңы формаларын жана технологияларын иштеп чыгуу.
Кафедрада колдонулган жаңы технологиялар
- Компьютердик телекоммуникациялар
- Видеороликтер менен коштолгон мультимедиялык презентациялар
- Электрондук окуу куралдары
- Интерактивдик тестирлөө
- Жеке жана жуптук топтордо иштөө
- Портфолио
- Проект технологиясы
- Сынчыл ойлом
- Оюн технологиялары
Окуу-усулдук иштер
Окуу-усулдук иш алып баруу кафедранын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири.
Бул багытта төмөнкү иштер жүргүзүлөт:
- Лекциялык фонд түзүү
- Ар бир предмет боюнча жумушчу программаларды иштеп чыгуу
- Модулдук жана экзамендик тесттерди түзүү
- Экзамендик билеттерди жана МАК суроолорун даярдоо
- Окутуучулардын өз ара сабакка катышуусу
- Студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруу
- Жекече жана тайпалык консультациялар
- Көрсөтмө куралдарды даярдоо (схема, таблица, окуу картасы)
- Окуу-усулдук колдонмолорду иштеп чыгуу
Жооптуу окутуучу
Кафедранын окуу-усулдук иштер боюнча жооптуу окутуучусу Салиева Э.А..
Ал окуу жылына карата иш планын түзүп, ошол пландын негизинде иш алып барат.