Юридика факультетинде ата-энелер чогулушу болуп өттү

2018-12-08 13:53:39 58

Бүгүн юридика факультетинде 030505 "Укук коргоо ишмердүүлүгү" адистигинин(колледж) студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу өттү.Жолугушууну факультеттин деканы, профессор Гулсара Кенжеевна Кулдышева ачып, жолугушуунун максаты, зарылчылыгы жөнүндө айтып өттү. Андан соң декандын окуу иштери боюнча орун басары Советбек Аблазович Минбаев окуу процесси, студенттердин ийгиликтери жана ОшМУнун жетишкендиктери боюнча презентация жасады. Көз карандысыз аккредитацияга карата орто кесиптик билим берүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси, кафедра башчы, юридика илимдеринин кандидаты Марат Бейшенбекович Татенов НББП боюнча маалымат берди. Жыйындын аягында ата-энелер менен суроо-жооп, маектешүү жүрдү. Көпчүлүк ата-энелерди ички жана тышкы мобилдүүлүк кызыктырып, көптөгөн суроолор берилди. Андан сырткары студенттердин тартиби, кийинүү адеби, келишимдик акы боюнча жеңилдиктер жөнүндө сөз болду. Аягында окуу корпусу жана окуу кааналары менен таанышышты.