Юридика факультетинде

2018-12-07 14:44:06 65

12-декабрь залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата юридика факультетинде "Замандын залкар жазуучусу Ч. Айтматовго 90 жыл" аттуу кече өткөрүлдү. Кечеде көркөм окуу,обондуу ыр жана чыгармалардан үзүндүлөр аткарылды. Факультеттин таланттуу студенттери өз таланттарын көрсөтүштү. 1-2-курстардын студенттери "Биринчи мугалим" чыгармасынан үзүндү коюп, Дүйшөндүн ролун ЮР(б)-1-18 тайпасынын студенти Эгемкулов Марат мыкты аткарды. Кеченин жыйынтыгында сыйлыктар тапшырылды. Бул иш-чара декандын тарбия иштери боюнча орун басары Н. Табалдыев тарабынан уюштурулду.