Юридика факультетинде студенттер үчүн тил курстары уюштурулду

2018-12-07 10:04:19 67

Юридика факультетинин студенттери үчүн англис, немец жана кытай тилдери боюнча курстар уюштурулду. Жалпысынан 6 тайпа түзүлүп, окуу кызуу жүрүүдө. Англис жана немец тилдери факультеттин окуу корпусунда жүргүзүлүп жатса, кытай тили кыргыз-кытай факультетинин базасында өтүүдө. Ал эми түрк тили боюнча окуу 2019-жылдын февраль айында башталат. Тил курстары факультеттин деканы Гулсара Кенжеевнанын демилгеси менен Эл аралык байланыштар боюнча декандын орун басары Нурбек Калыков тарабынан уюштурулду.