Юридика факультетинде конокто Кызыл жарым ай коомунун өкүлдөрү

2018-12-06 10:25:13 69

Кызыл жарым ай коомунун өкүлдөрү юридика факультетинин студенттери менен жолугушту. Жолугушууда коомдун максаты жана ишмердүүлүгү менен тааныштырышты. Андан сырткары студенттер ортосунда викторина уюштуруп, активдүү катышкандар үчүн сыйлыктарды беришти. Кызыл жарым ай коому юридика факультети менен 2010-жылдан бери кызматташып келет.