Юридика факультетинде конок лекция

2018-10-05 11:22:15 67

Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетинин “Социалдык иштер” адистигине 2018-2019-окуу жылында окуу планы боюнча “Өзгөчө кырдаалдардагы социалдык иштер” дисциплинасы киргизилген. Аталган дисциплина боюнча жумушчу программасына ылайык 2018-жылдын 4-октябрь күнү саат 11.50 дөн 13.30га чейин “Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюунун бирдиктүү мамлекеттик системасы” аталыштагы лекциялык конок сабак пландалып өткөрүлдү. Конок сабакка КР ӨКМнин ЖКАД жана КДБ борборунун башчысы полковник М.С. Бейшембиевге атайын кат менен кайрылып, адистердин лекция окуп берүүсү суралган. Конок сабакты КР ӨКМнин ЖКАД жана КДБ түштүк окуу борборунун башчысы подполковник Садыков Давран Турсунбаевич өтүп берди. Конок сабакты уюштурган жана өткөргөн социалдык иштер кафедрасынын улук окутуучусу Каримова Кундузхан Усоновна.