Юридика факультетинде окутуучу Г. Арстанбаеванын ачык сабагы өттү

2018-09-25 15:48:03 73

Мамлекеттин, укуктун тарыхы жана теориясы кафедрасынын окутуучусу Гулизат Арстанбаева "Укук коргоо ишмердүүлүгү" адистигинин 1-курсунун ЮР(с)-2-18, ЮР(с)-3-18 тайпаларында ачык сабак өттү. Ачык сабак мамлекеттин, укуктун теориясы сабагынан "Мамлекеттин формасы" деген темада өтүлдү. Сабакка факультеттин деканы Г. Кулдышева,усулдук кеңештин төрайымы Ж. Жээнбекова,окутуучулар К. Дехканова, Н. Таабалдыев, Ф. Таңатарова, А. Атантаевтер катышышты. Ачык сабактан соң сабакты талкуулоо жүргүзүлүп, окутуучулар Г. Арстанбаевага сабактын жакшы тараптарын айтып, өз сунуштарын беришти.