2026-04-16 09:56:24 20
2026-жылдын 15-апрелинде Тарых-юридика институтунун кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасынын профессору, юридика илимдеринин доктору Акматова Аманай Турсунбаевна, кылмыш жаза укугу жана процесси кафедрасынын улук окутуучусу Орозбаева Бактыкан Атантаевна, жарандык укук жана процесси кафедрасынын улук окутуучусу, юридика илимдеринин кандидаты Токтомамбетова Кыял Кубанычбековна тарабынын «Кыргызстандагы заманбап коомдогу зомбулук: кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдору» деген темада тегерек стол уюштурулуп өткөрүлдү. Өткөрүлгөн иш чарага Ош шаардык прокуратурасынын улук прокурору Жолдошев Залкарбек Балбаевич, Ош шаардык сотунун судьясы Исмаилов Азамат Даниярович, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын улук инспектору, милициянын капитаны Олмасова Венера Анаркуловна, психология илимдеринин доктору, профессор Жолдошева Акчач Олмасовна, социалдык коргоо кызматынын адиси Абсадыкова Элиза Абдыкалыковна жана тарых юридика институтунун юриспруденция адистигинин студенттери катышышты. Чакырылган коноктор зомбулукту алдын алуудагы жана зомбулуктар катталгандан кийинки аракеттер жөнүндө баяндама жасашты. Иш чарада кылмыш жаза укугу жана процесси кафедрасынын улук окутуучусу Жээнбекова Жазгүл Субановна, 2-курстун студенттери Жалилова Адина жана Жолдошева Алина аялдарга карата зомбулуктар боюнча доклад окушту. Баарыбызга маалым болгондой азыркы учурда аял затына жана жашы жете электерге карата көрсөтүлүп жаткан зомбулук аракеттери мамлекеттик деңгээлдеги актуалдуу көйгөйлөрдөн болуп калды. Иш чарада студенттер укук коргоо органдарынын кызматкерлерине суроолорду берип жоопторду алышты. Иш чара жогорку деңгээлде болуп өттү. Иш чаранын конокторуна институттун жетекчилиги тарабынан ыраазычылык баракчалары ыйгарылды.