"Соттук экспертиза" адистигинин студенттери практикада

2024-02-27 08:12:52 62

"Соттук экспертиза" адистигинин студенттери практикада Юридика факультетинин "Соттук экспертиза" адистигинин 3-курсунун студенттери Ош шаардык ИИБнин Эксперт-криминалисттик бөлүмүндө жана өндүрүштүк практика өтөп жатышат. Окуу жайдагы практика жетекчиси "Криминалистика, соттук экспертиза жана бажы иши" кафедрасынын окутуучусу Б.Мамашов практика өтөө жеринен кабар алып, жыйынтыгын чыгаруу үчүн керектүү усулдук маалыматтар менен бөлүшүп келди.