Кызамык боюнча дарыгерлерден кеңеш

2024-02-27 06:18:49 43

Ош шаардык № 1- Үй бүлөлүк дарыгерлеринин № 7-филиалынын Өспүрүмдөр дарыгери Сатарова Насиба жана көз дарыгери Турдубай кызы Нуржамал эжекелер ОшМУнун юридика факультетинде азыркы күндө күчөп аткан Кызамык оорусу боюнча 1-2-курстардын студенттерине кызамыктын белгилерин жана кантип сактануу керектигин, ооруп калса кантип дарыланыш керектигин айтып беришти. Кызамык оорусунун жугуу жолдору: -Калк көп болгон жерде аба аркылуу -Идиш аяктар жана тамак аш аркылуу -Бирөөнүн буюмун колдонууда -Бирөө менен катнашка барганда Мед айымдын айтымында, бул ооруну алдын алуу үчүн эл көп жерге барбай жана колдонгон идиштерди таза кармоо керек. Ошондой эле суукка көп чыкпоону сунуштады.