“Кесибим - ырыс кешигим” аттуу иш-чара болуп өттү.

2023-12-06 10:39:51 57

Бүгүн, 2023-жылдын 6-декабрында ОшМУнун юридика факультетинде улуу жазуучубуз Ч. Айтматовго 95 жылдыгына карата факультеттин 1-курстарынын ЭКР-1-23, ТД-1-23 тайпаларынын студенттеринин катышуусунда “Кесибим - ырыс кешигим” аттуу иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чаранын өзгөчөлүгү, студенттер Ч. Айтматовго байланышкан ырларды көркөм окуп, бийлерди бийлешип, монолог окушту. Ч.Айтматовдун китептери жана студенттердин тарткан сүрөттөрүнөн көргөзмө уюштурулду. Андан сырткары эксперттик адистиктин учурдагы өндүрүштөгү ролун чагылдырган дактилоскопиянын жана трасологиянын криминалистикалык- техникалык каражаттардын экспертизада кеңири колдонулушун сахналык көрүнүш катары көрсөтүп беришти. Иш-чаранын максаты кайсы адистикти ээлеген студент болбосун, мамлекеттик тилде сүйлөө жана Ч. Айтматовдун чыгармаларын окуп, мыкты адис, адам болууга тарбиялоо. Иш-чараны уюштуруучулар катары ОшМУнун доценти, ф.и.к. Маданова Кызбурак Жапаровнага жана криминалистика, соттук экспертиза жана бажы иши кафедрасынын улук окутуучусу Ысманова Раушан Закирмаматовнага ыраазычылык билдирилди.