“Манас” эпосундагы мамлекеттик индеттүлүк жана улуттук идеология” темасында илимий-практикалык семинар

2023-12-05 04:23:56 64

2023-жылдын 4-декабрында ОшМУнун юридика факультетинде, декандын илимий иштери боюнча орун басары, ю.и.к, доцент Пазылов Нияз Адылжанович тарабынан “Манас” эпосунун күнүнө карата “Манас” эпосундагы мамлекеттик индеттүлүк жана улуттук идеология” темасында илимий-практикалык семинар уюштурулду. Аталган иш-чарада конок лектор катары ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин факультеттер аралык кыргыз тил кафедрасынын доценти, ф.и.к. Маданова Кызбурак Жапаровна “Манас” эпосундагы байыркы диний ишенимдер” деген темада семинар өтүп берди. Андан сырткары, лектордун жетекчилигинде аталган эпос боюнча укук тармагына байланыштырып илимий макала жазган факультетибиздин студенттери катышышты. Конок лектор факультет тарабынан ыраазычылык катка ээ болду. Семинардан факультеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер көптөгөн кызыктуу маалыматтарды алышты. Башканы коюп Манасты айт демекчи, бул күнү улуу эпосубузду ЮНЕСКО эмес, бүткүл дүйнө тааныган. Андыктан, ааламдашуу мезгилинде кыргыз элинин басып өткөн жолун, диний ишенимдерин билүү максатка ылайыктуу.