“Учурдун глобалдык чакырыктарынын шарттарында конституциялык укуктук институттардын натыйжалуулугу” аттуу тегерек стол

2023-05-19 10:19:02 114

Ош Мамлекеттик Университетинин юридика факультетинде 2023-жыл 19-май күнү саат 11:00-12:45ке чейин “Соттук процесс, экспертиза жана Бажы иши” кафедрасынын башчысы ю.и.д., профессор Эгемберди Самидинович Токторовдун жетекчилиги менен окутуучулар жамааты тарабынан уюштурулуп ЖОЖдор аралык “Учурдун глобалдык чакырыктарынын шарттарында конституциялык укуктук институттардын натыйжалуулугу” аттуу тегерек стол болуп өттү. Жыйынды юридика факультетинин деканы, ю.и.д., профессор Г.К.Кулдышева тегерек столду гимн менен баштап, куттуктоо сөзү менен ачып, атайын чакырылган конокторду тааныштырды. Тегерек столго ЖОЖдор аралык атайын чакырылган төмөнкү конокторго сөз берилип андан соң программа боюнча баяндамалар окулуп, дубал газеталарына экскурциялар жүргүзүлдү. 1. Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин Юридика –Бажы факультетинин деканы, ю.и.д., профессор Кокоева Алмагүл Мухтарбековна. 2. Б.Сыдыков атын.КӨЭАУнин Юридика –Бажы фак. “Мамлекеттик-укуктук сабактар” кафедрасынын окутуучусу Кеңешбек кызы Нуржан. 3. Академик М.М.Адышев атындагы Ош Технологиялык Университетинин Экономика жана Башкаруу факультетинин “Бизнести башкаруу жана Социалдык иштер” кафедрасынын улук окутуучусу Кушбакова Айзада Турсунбаевна. 4. Академик М.М.Адышев атындагы ОшТУнин ЭБФнин “ББ жана СИ” кафедрасынын улук окутуучусу Темирбаева Санакан Коңурбаевна куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Андан соң төмөнкү баяндамалар окулду. ОшМУнун юридика факультетинен: 1. СПЭ жана БИ каф-нын улук окутуучу Матаев Кубатбек Мусаевич. –Темасы: Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилген өзгөртүү, кошумча, толуктоолордун мааниси жана орду. 2. СПЭ жана БИ каф-нын улук окутуучу Жээнбекова Ж.С. –Темасы: Жазык иш сот өндүрүшүндөгү, апелляциялык тартипте Конституциялык принциптеринин колдонулушу жана анын орду. 3. ЭКр-1-19 тайпасынын студенти Асилбек кызы Нуриза. Темасы: Глобалдык өзгөрүүлөр процессиндеги эгемендүү Кыргызстандагы Конститутциянын учурдагы абалы. Илимий жетекчиси: улук окутуучу Матамаров Алмаз Нурдунович. 4. ТД-1-21 тайпасынын студенти Абдуллаева Асел. Дубал газетасынын темасы: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жалпы түшүнүгү. Илимий жетекчиси: окутуучу Саймидинов Сырбек. 5. ЮР(б)-2-19 тайпасынын студенти Камалидин кызы Үмүт. Темасы: Кылмыш-жаза процессуалдык укугундагы бөгөт коюу чараларын колдонуудагы Конституциялык укук принциптеринин иштөөсүндөгү көйгөйлөрү жана чечүү жолдору. 6. ЮР(б)-2-19 тайпасынын студенттери Нарматов Элдияр, Чабан уулу Самарбек, Төлөнов Мунарбек, Шайыбек уулу Байсал Дубал газеталардын темасы: Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына карата Конституциянын негизги түшүнүктөрү жана маалыматтары. Илимий жетекчиси: улук окутуучусу Жээнбекова Ж.С. 7. СК(б)-1-19 тайпасынын студенти Акрамжан кызы Мунаргүл. Темасы: Эффективность конституционно-правовых институтов в условиях соверменных глобальных вывозов. Илимий жетекчиси: СПЭБИ каф.улук окутуучусу Ысманова Р.З. 2.Б.Сыдыков атын.КӨЭАУнин Юридика –Бажы факультетинен баяндамалар: 8. “Мамлекеттик-укуктук сабактар” кафедрасынын окутуучусу Кеңешбек кызы Нуржан. Темасы: Балдардын укуктарын коргоочу жана азыркы учурдагы укуктук көйгөйлөр. 9. Ю-1-20 тайпасынын студенти Самиев Ильяс. Темасы:«Үй-бүлөөлүк мамилелердин конституциялык жактан корголушу». Илимий жетекчиси: окутуучу Кеңешбек кызы Нуржан 3. Академик М.М.Адышев атындагы Ош Технологиялык Университетинин Экономика жана Башкаруу факультетинен баяндамалар: 10. СР-21 тайпасынын студенти Санжарбек кызы Сирена. Темасы:Кыргыз Республикасынын Конституциясынын орду жана ролу. Илимий жектекчиси: улук окутуучу Кушбакова А.Т. 11. СР-22 тайпасынын студенти Адилапис кызы Айтурган. Темасы: Конституция барда адам укугу чектелбейт. Илимий жетекчиси: окутуучу Темирбаева С.К. Тегерек стол кызыктуу суроо-жооптор менен өткөндүгү боюнча “Соттук процесс, экспертиза жана Бажы иши” кафедрасынын көп тажрыйбалуу мыкты практик улук окутуучусу, көптөгөн юрист окутуучулардын утаты Эргешов Айтмамат Момуновичтин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30-жылдык маарекесине арналган тегерек столго жалпы куттуктоо сөздөрү менен бирге, өз ой-пикирлерин, сунуштарын берүү менен жыйынтыкталып, аякталды. Тегерек стол өз койгон максатына жетип модератор Матаев Кубатбек Мусаевич тарабынан резолюция окулуп, жалпы катышуучулар тарабынан кабыл алынды. Акырында келген конокторго жана активдүү катышуучу жактарга “Ыраазычылык каттар” окулган баяндамаларга “Грамоталар” тапшырылып, тегерек стол жабык деп жарыяланды.