ОшМУда Bilimfest-2023 ачык эшиктер күнү болуп өттү.

2023-05-17 09:23:30 150

ОшМУнун башкы имаратында Bilimfest 2023 - ачык эшиктер күнү белгиленди. Кесипке багыт берүүнү максат кылган иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы бардык мектеп бүтүрүүчүлөрү, орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жана ата-энелер дагы катышышты. Окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган ректорат жамааты, келген коноктор факультеттер, институттар, колледждер, лицейлер тартуулаган билим жарманкеси менен таанышты. Алардын катарында юридика факультети да кызуу катышып факультетке тийиштүү куралдарды көрсөтүп, келген абитуриенттерге кызык болгон экспертиза багытындагы студенттерибиз колдун изин кантип алуу ыкмааларын көрсөтүп беришти. Юридика факультетибизге кызыккан конокторго юриспруденция жана бажы иши, экспертиза багыты боюнча тоолук маалымат берилип, суроолорго жооп алышты.