“Конституция-мамлекеттин негизги мыйзамы” аттуу тегерек стол

2023-05-12 04:36:19 130

2023-жыл 11-май күнү Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетинде Кыргыз Республикасынын 30 жылдыгына карата “Конституция-мамлекеттин негизги мыйзамы” аттуу ОшМУнун юридика факультетинин “Соттук процесс, экспертиза жана бажы иши” кафедрасынын окутуучулары Эрдолатов Ч.С., Орозов Ж.Ж., Турсунбаева Ч.М., Сейитбек кызы К., Мамрасулов К.М. тарабынан студенттер үчүн уюштурулган факультеттер аралык тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго чакырылган коноктор Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору милициянын улук лейтенанты Тавакалов Абсатар Арзимаматович, Ош шаардык сотунун судьясы Сыдыгалиев Бакыт Арленович Конституция-мамлекеттин негизги мыйзамы боюнча, адам укуктары жана эркиндиктери, Конституциянын мамлекеттеги орду жана ролу жаатындагы маселелер боюнча окутуучулар жана студенттер менен кенири пикир алышты. Андан тышкары тегерек столдун программасына ылайык студенттер теманын алкагында илимий баяндама жасашты. Тегерек столдун конокторуна факультеттин деканы ю.и.д., профессор Кулдышева Г.К. тарабынан ыраазычылык кат, ал эми илимий баяндама окуган студенттерге грамота менен сыйланышып жана белектер тапшырылды.