«Конституция жана кылмыш - жаза мыйзамы» деген теманын алкагында илимий тегерек стол

2023-05-03 04:36:47 187

«Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей» КР Конституциясынын 16-беренеси, 3-пункту Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-февралындагы №21 «КР Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында юридика факультетинин “Кылмыш-жаза укугу жана процесси” кафедрасы тарабынан 2023-жылдын 2-майында «Конституция жана кылмыш - жаза мыйзамы» деген теманын алкагында илимий тегерек стол өткөрүлдү.Анда алгач факультеттин деканы ю.и.д., профессор Г.К.Кулдышева ачып берди. Иш-чарага чакырылган коноктор Ош ОИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын майору Айбатиев Мелис Белекбаевич, Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору Мерканов Адилет Асанович, Ош шаардык Адвокатуранын Адвокаттары Галиев Мелис жана Мамышев Замир факультеттин студенттери жана окутуучулары катышышты. Андан сырткары кафедранын окутуучулары, келген коноктор жана студенттер баяндама жасашты: 1."Кылмыш-жаза укугу жана процесси” кафедрасынын доценти ю.и.к. доцент, Жусупов Болот Асанович тема: “Конституция жана кылмыш жаза мыйзам актылары” 2. "Кылмыш-жаза укугу жана процесси" кафедрасынын улук окутуучусу Жээнбекова Жазгүл Субановна Тема: “Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамынын иштешиндеги Конституциянын байланыштары жана ээлеген орду” 3. Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору Мерканов Адилет Асанович Тема “Аялдардын кылмыштуулугу” 4. ЮР(б)-3-19 тайпасынын студенти Кадыралиев Кылымбек тема:“Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамында Конституциялык нормалардын колдонуусу” Аталган инсандар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын маанилүүлүгү жөнүндө айтып, студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп беришти. Уюштуруучу:КЖУжП кафедрасынын доценти ю.и.к. А.К.Мирзаева