“Криминалистика жана соттук экспертизанын учурдагы абалы жана айрым көйгөйлүү маслелери”

2023-04-15 06:20:35 119

2023-жылдын 14-апрель күнү Юридика факультетинде, “Криминалистика жана соттук экспертизанын учурдагы абалы жана айрым көйгөйлүү маселелери” аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция “Соттук процесс, экспертиза жана бажы иши” кафедрасы тарабынан, криминалистика жана соттук экспертизалар жаатындагы заманбап илимий методдорду, техникалык каражаттарды колдонуунун жана өндүрүш үчүн методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуунун жолдорун талкулоо. Ошондой эле соттук экспертизалык иликтөөлөрдү жүргүзүүдөгү кээ бир кемчилдиктерди кароо максатында уюштурулду. Конференциянын ишинин негизги багыттары: - Криминалистиканын учурдагы абалы; - Атайын билимдерди укук коргоо органдарында процессуалдык жана процессуалдык эмес формада колдонуу; - Соттук экспертиза жаатындагы иштердин абалы жана айрым көйгөйлүү маселелер; - Эксперттик изилдөөлөрдүн илимий негиздүүлүгү, объективдүүлүгү, ар тараптуулугу жана толуктугу; - Соттук экспертиза: укуктук жана табигый илимий аспектилери; - Соттук экспертизалардын актуалдуу маселелери. Тегерек столго факультет деканы, профессор Кулдышева Гүлсара Кенжеевна, “Соттук процесс, экспертиза жана бажы иши” кафедрасынын башчысы, ю.и.д., профессор Токторов Эгемберди Самидинович. Анадан сырткары конок практиктер: “ЭКСПЕРТ-ТҮШТҮК” мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмунун эксперти– Т. Усманов, Ош ШИИБнын Сулайман-Тоо МБнун тергөө кызматынын улук тергөөчүсү милициянын лейтенанты Э.М. Жээнбеков катышышты. Конференциянын ачылышында факультеттин деканы ю.и.д., профессор Кулдышева Г.К. Соттук экспертиза багыты боюнча бюджеттик орундарга сунуш берүү демилгесин көтөрдү. Профессор Токторов Эгемберди Самидинович – студенттер арасындагы жайылган туура эмес түшүнүктөн улам бул “Соттук экспертиза” багыттан алыстап жатканын айтып, бул багытта ишти абитуриенттерди кабыл алууда туура түшүндүрүү жана жеңил шарттарды түзүү керектигин баса белгилеп өттү. Конференцияда төмөндөгүдөй баяндамалар жасалды: «Криминалистиканын учурдагы абалы» СПЭжБИ” кафедрасынын окутуучусу А.Н. Матамаров “Укук коргоо органдарында атайын билимдерди колдонуунун соттук экспертиза формасы” “СПЭжБИ” кафедрасынын окутуучусу, х.и.к., доцент А.Э. Исмаилов “Соттук экспертиза жаатындагы иштердин абалы жана айрым көйгөйлүү маселелери” ЭКр-1-19 тайпасынын студенти А.А. Абдувахапова “Инновационные технологии в криминалистике” ЭКр-1-20 тайпасынын студенти Т. Шамшидинова Ар бир жасалган баяндамадан кийин суроо-жооп талкуу менен уланды. Конференцияга катышкан, баяндама жасагандарга Факультет деканы Кулдышева Г.К. Ыраазылык каттарын тапшырды.