«Евразиялык экономикалык биримдиктеги бажы тармагын жөнгө салуу: укуктук негиздери жана колдонуу тажрыйбасы» аттуу тегерек стол

2023-04-14 03:55:06 130

«Евразиялык экономикалык биримдиктеги бажы тармагын жөнгө салуу: укуктук негиздери жана колдонуу тажрыйбасы» аттуу тегерек стол 2023-жылдын 13-апрелинде ОшМУ Юридика факультетинде «Евразиялык экономикалык биримдиктеги бажы тармагын жөнгө салуу: укуктук негиздери жана колдонуу тажрыйбасы» аттуу тегерек стол «Соттук процесс. Экспертиза жана бажы иши» кафедрасы тарабынан өткөрүлдү. Тегерек столго Түштүк-батыш бажысынын башчысынын орун басары, бажы процесси борборунун башчысы, КРдин бажы кызматынын полковниги - Дүйшөналиев Канатбек Токтосунович. Түштүк-батыш бажысынын контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы менен күрөшүү бөлүмүнун кызматкери - Аматов Данияр Садыкович жана студенттер катышты. Тегерек столдо Түштүк-батыш бажысынын башчысынын орун басары, бажы процесси борборунун башчысы, КРдин бажы кызматынын полковниги - Дүйшөналиев Канатбек Токтосунович бажы тармагындагы акыркы маалыматтар, жетишкендиктер жана перспективалар боюнча сүйлөп берди. Студенттер практикант кызматкерлерге суроо узатышып, дисскуссия кызуу жүрдү. Андан сырткары тегерек столдо жасалган баяндамалар: 1.Жусупбаев Куштар Курманбаевич- СПЭБИ» каф. улук окутуучусу. Тема: КР бажы мыйзамдарынын учурдагы абалы жана өнүктүрүү перспективасы. 2. Маматов Эмир Жаныбекович – ТД 1-18 тайпасынын студенти. Илимий жетекчи: СПЭБИ» каф. улук окутуучусу Жээнбекова Жазгүл Субановна Тема: Кыргыз Республикасынын бажы чөйрөсүндөгү экспорттук текшерүүнүн орду жана ролу. 3. Жээнбекова Жазгүл Субановна - СПЭБИ» каф. улук окутуучусу Тема: Экспорттук текшерүү областындагы эл аралык кызматташтыктын орду жана ролу. 4.Курманбеков Алтай Нурланович– ТД 1-21 тайпасынын студенти. Тема: Стратегия 2025: ЕАЭБде бажылык жөнгө салууну өнүктүрүүнүн келечеги. Тегерек столго активдүү катышкан катышуучуларга жана баяндама жасагандарга Ыраазычылык кат, грамоталар тапшырылды.