«Конституциялык мыйзам боюнча инсандын укуктарын коргоо»

2023-04-12 10:10:59 87

2023-жылдын 12-апрель күнү саат 13.00дө Ош МУнун юридика факультетинин 301-аудиториясында «Мамлекеттин, укуктун теориясы жана тарыхы» кафедрасынын д.м.а. Бакирова Ш.М., окутуучу Абдырахманова Г.Т. тарабынан Кыргыз Республикасынын 30 жылдыгына арналган «Конституциялык мыйзам боюнча инсандын укуктарын коргоо» аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго чакырылган коноктор КР Акыйкатчысынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн жетектөөчү адиси Тилеков Улукбек Дүйшөбаевич, «Акбий» адвокаттар коллегиясынын адвокаты Сатыбаева Нурия Садыковна, «Мен жана мыйзам» адвокаттар коллегиясынын адвокаты Исмаилов Эрлан Мурзалиевич адам жана жарандын укуктарын коргоо жаатындагы маселелер боюнча окутуучулар жана студенттер менен кенири пикир алышты. Андан тышкары тегерек столдун программасына ылайык студенттер теманын алкагында илимий баяндама жасашты. Тегерек столдун конокторуна факультеттин деканы ю.и.д., профессор Кулдышева Г.К. тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды. Илимий баяндама жасаган студенттер грамота менен сыйланышты.