«Өндүрүш аркылуу студентти кесиптик компетенцияга калыптандыруунун ролу»

2023-04-10 07:38:06 95

2023-жылдын 6-апрель күнү саат 15-00дө ОшМУнун юридика факультетинин 301-аудиториясында өндүрүштөр менен байланыштар департаменти жана юридика факультети тарабынан уюштурулуп жаткан «Өндүрүш аркылуу студентти кесиптик компетенцияга калыптандыруунун ролу» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарга төмөндөгү катышуучулар: 1. Матикеев Т.К. – ОшМУнун өндүрүштөр менен байланыштар департаментинин директору, п.и.к., доцент; 2. Абдыразакова Гульнара- Түштүк-Батыш бажысынын полковниги. 3.Муратов Абдуманап Аманович-Ош ОИИБ криминалистика бөлүмүнүн башчысы милициянын под.полковниги. 4.Сайпиев Чынгыз Султанбаевич- Ош Юстиция Башкармалыгынын жардамчысы 5. Усубалиев Бакыт Токтогазиевич-Ош шаардык сотунун төрагасы. 6. Жунусов Самат Мамасадыкович- Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери 7. Кипчаков Мурзабек Абдипаттаевич- Кара-Суу райондук юридикалык консультация башчысы. 8. Ош шаардык сотунун судьясы- Эсенбаев Нурлан Бердибекович 9. Укуев Акынбек Чекенович – полковник прокуратура кызматкери 10. Маматалиев Улан Ош шаардык адвокатурасынын кызматкери катышышты жана өздөрүнүн ойлорун айтып практиканы өткөрүү убактысын көбүрөөк берүүну сунушташты жана талкууга коюшту. Семинар кызыктуу талкууну жаратты.