ЖАҢЫ WEF ТАНДОО ГРАН-ПРИ ЧЕМПИОНУ!

2023-03-28 05:44:31 85

20-март 2023-жыл Бишкек шаарында Ала-Тоо эс алуу борборунда WEF SELECTION версиясынын чемпиондук куру үчүн болгон беттеш орун алды. Анда ОшМУнун Юридика факультетинин 4-курсу ЮР(б)-2-19 тайпасынын студенти Элдияр уулу Сыймык чемпиондук курду утуп алды.🏆🥇 ОшМУнун Юридика факультетинин жалпы Окутуучу-профессордук курамы жана студенттери чын жүрөктөн куттуктайт!