Куттуктоо!!!

2023-03-28 02:46:16 81

Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык бокс мелдеши болуп өттү. 21-мартта башталган таймаштарга Кыргызстан, Монголия, Беларус, Түштүк Корея, Өзбекстан жана Казакстандан 140тай спортчу катышты. Кыргызстандын атынан 63.5 кг салмакта ОшМУнун юридика факультетинин 3-курсу ЮР(б)-1-20 тайпасынын студенти Жантөрө Ташиев чемпион аталды. 🏆🥇🥇🥇 Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдештин байге фонду 40 миң доллар. Байге фондун Эл аралык бокс федерациясынын президенти (IBA) Умар Кремлев каржылаган. Мушкерлер 1-орун үчүн 1400 доллар, 2-орун үчүн 700 доллар, 3-4-орун үчүн 500 доллар акчалай сыйлык алышты. ОшМУнун Юридика факультетинин жалпы Окутуучу-профессордук курамы жана студенттери чын жүрөктөн куттуктайт!🏆🥇