"Нооруз-2023"

2023-03-17 06:00:06 104

2023-жылдын 15-март күнү ОшМУнун юридика факультетинин жалпы Профессордук окутуучулук курамы жамаатынын ар жылы салтка айланган каада-салтты улап, "Нооруз-2023" маданий иш-чарасын абдан жакшы даярдыктар улуттук тамак-аш, "Кыз-жигит" сармерден – кыргыз элинин көөнөргүс салттарынын бири болгон Сармерден айтышуу салтын уюштуруп, жалындаган таланттардын жандуу үнү менен аткарылган ыр-күү, Макал-лакап, табышмак, жаңылмачтар айтылды. Окутуучулар баары активдүү катышып оюн-зооктор ойнотулуп, жакшы ниет-тилектер менен "Сүмөлөк" кайнатылды. Ал эми 16.03.23до жалпы жамаатка "Сүмөлөк" таратылды. Окутуучулар жамааты, студенттер, техникалык көмөкчүлөр баары майрамдык маанайда жакшы өткөрүштү.