Куттуктоо!!!

2023-03-09 07:40:02 70

Бишкек шаарында өткөн аялдар жана эркектер арасындагы спорттук самбо жана эркектер арасындагы күжүрмөн самбо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында +98 кг салмак категориясында I орунду ОшМУнун Юридика факультетинин 3-курсу ЮР(б)-4-20 тайпасынын студенти Токтоболотов Темурлан Нурланбекович ээлеп, Кыргыз Республикасынын эркектер арасындагы күжүрмөн самбо боюнча чемпиону аталды. ОшМУнун Юридика факультетинин жалпы Окутуучу-профессордук курамы жана студенттери чын жүрөктөн куттуктайт!🏆🥇