Кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасы тарабынан откорулгон иш чаралар

2015-04-11 10:10:02 76

2015-жылдын 9-апрелинде кылмыш-жаза укугу жана процесси тарабынан илимий жумалыкка карата "Жашы жете электерге карата зомбулуктар: алдын алуу, жоюу жана корулуучу чаралар" аттуу тегерек стол болуп отту. Тегерек столго факультеттин кафедра башчылары, кафедранын окутуучулары жана студенттер катышты.Тема боюнча генерал-майор Раимбердиев Р.,соттук-медициналык экспертизанын эксперти Исаков С. жана 2ЮР-1-13 тайпасынын студенти Даниярова А. доклад окушту. Катышуучулар тарабынан суроолор берилип, кызуу талкууга айланды.