Юридика факультетинин окутуучулары Эл-аралык практикалык конференцияда

2019-09-26 17:08:05 89

26-сентябрь күнү Ош Кыргыз-Өзбек университети менен Кыргызстандагы юридикалык клиникалар ассоциациясы биргеликте "Аймактарда укуктук сабаттуулукту өнүктүрүү" аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Юридика факультетинин клиницист-студенттери 3 ай бою "Жаштан жашка тоскоолсуз укук" аттуу акциянын алкагында акысыз юридикалык жардам берүү максатында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айылдарында практика өтөп келишти. Конференцияда жигердүү катышкан студенттерге, алардын жетекчилерине сертификаттар жана ыраазычылык каттар берилди. Юридика факультетинин профессору, юридика илимдеринин доктору Кулдышева Гулсара Кенжеевна сөз сүйлөп, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.