Ош шаардык казыятынын өкүлдөрү юридика факультетинде

2019-02-20 13:49:28 71

18-февралда юридика факультетинин студенттери менен Ош шаардык казыятынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Аль-Бухарий-Алай мечитинин өкүлү Мырзакул Осмонов келди. Студенттерге ыйман, адеп-ахлак жана ата-энени сыйлоо темасында лекция окуп берди. Жолугушуу кызыктуу өтүп, суроо-жооптор менен коштолду. Жолугушуунун аягында Ош шаардык казыяты окуу жайлар менен кызматташууга даяр экенин билдирип, жолугушууну байма-бай уюштуруп турууну сунушташты. Юридика факультетинин жамааты студенттерге тарбиялык мааниси зор болгон лекция үчүн ыраазычылык билдиришти.